Жаңылыктар
Мыйзамсыз тамеки ташыгандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамсыз тамеки ташыгандар кармалды

Улуттук  коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, “Достук унаа жол”  көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өзгөчө ири өлчөмдөгү товарларды аткезчилик жол  менен алып өткөн канал аныкталды. 

Өзбекстандан  Кыргызстанга “Достук” посту аркылуу ири өлчөмдөгү тамекини мыйзамсыз ташып  кирүүгө аракет кылган эки жүк ташуучу унаа токтотулган. Аларды текшерген  учурунда “Platinum” үлгүсүндөгү 1 млн 529 миң 500 куту тамеки табылып, анын баасы  80 млн сомдон ашык экени билинген. Бирок товарлар бажы шартында зыгыр буласынан  алынган жип деп жасалма түрдө декларацияланган. 

Учурда  тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында мамлекет тарткан зыянды, жүктүн чыныгы  ээлерин жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.