Жаңылыктар
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

УКМК  тарабынан криминалдык лидер Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна мүчөлөрдүн  мыйзамсыз аракеттери токтотулду. 

Маалыматта  айтылгандай, алар көп жылдар бою Кытайдан ташылып келген эл керектөөчү  товарларды тартып алуу менен алектенип келишкен. Кыргызстандын ишкерлеринен  жана жарандарынан мыйзамсыз акча чогултуп, кийин КМШ мамлекеттеринин аймагында  туруктуу иштеген кылмыштуу схеманы уюштурган. 

Тактап  айтканда, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 23-майда Бишкек  шаарынын жана Чүй облусунун аймагында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун  активдүү мүчөлөрү – “Алтуха”, “Протез” “Кения” аттуулар кармалып, УКМКнын  тергөө камак жайына камалды. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда  аталган адамдар алдамчылык жолу менен жеке менчик транспорттук-логистикалык  компаниядан жалпы суммасы болжол менен 385 миң АКШ долларын түзгөн жүктү  мыйзамсыз тартып алышканы аныкталган. 

Учурда  УКМК бул кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүүдө, ошондой  эле жогоруда аталган адамдардын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга  катыштыгы бар экендиги аныкталууда.