Жаңылыктар
Ошту жакшыртуу максатында ири долбоорлор ишке ашырылат
Кыргызстан жаңылыктары
Ошту жакшыртуу максатында ири долбоорлор ишке ашырылат

Ош  шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында 5 ири долбоор ишке ашырылууда. 

Бул  тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн  биринчи вице-мэр Марс Исаев шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, туризмди  өнүктүрүү максатында аткарылып жаткан Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү  долбоорунун негизинде башталган иштер менен таанышты. 

Курулуш  иштери Нурматов көчөсүнөн баштап Алишер Навои көчөсүнө чейинки аралыкта жүрөт.  Долбоорду толук аяктоо мөөнөтү бир жыл. Мындан сырткары, шаардын  инфраструктурасын жакшыртуу боюнча учурда жалпысынан беш долбоор каралган.  Алар, Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөөнүн экинчи этабы, С. Ибраимов  атындагы Улуттук Драма театрынын айланасын оңдоп-түзөө, А. Навои эс алуу  жайынын бир бөлүгүнө атайын эс алуу аймагын куруу, Т. Сатылганов атындагы эс  алуу багындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө, Борбордук аянттагы фонтанды  реконструкциялоо. Аталган курулуштар АРИС уюму аркылуу тендерге берилген. 

Эскерте  кетсек, Дүйнөлүк Банк Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган  долбоорду ишке ашырууга гранттык негизде 6 млн доллар бөлүп берген.