Жаңылыктар
ДССУ: Ковиддин дагы күчтүүсү чыгышы мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
ДССУ: Ковиддин дагы күчтүүсү чыгышы мүмкүн

Жаңы  пандемиянын кооптуулугу COVID-19га караганда алда канча жогору. 

Бул  туурасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адхан  Гебрейесустун айтканын РИА Новости жазды. Мындай билдирүүнү ДССУ жетекчиси  Женевадагы жыл сайын өтүүчү ассамблеяда жасаган. "Келечекте ковиддин башка  варианты пайда болуп, ал жаңы оору менен жаңы жоготууларды алып келет деген  кооптуулук бар. Мындан сырткары, өлүм жаратуучу жаңы патогендин да пайда болуу  кооптуулугу турат", — деген ал.

Гебрейесус  жалпы дүйнө коомчулугун бул коркунучка жамаат катары бирге туруп жооп кылууга  чакырды. Буга чейин ДССУ 2020-жылы жарыяланган COVID-19дан пандемия статусун  алып салган.