Каракол - Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун, 24-майда саат 03:30да аталган унаа жолдун 76-85-чакырым аралыгында жалпысынан 96 миң 651 куб метр кар көчкү жүрүп, анын 9 миң 679 куб метри жолго түшүп, жол жабылган. Тазалоо иштерине 2 бульдозер, 2 жүктөгүч тартылган.
ӨКМден белгилешкендей, саат 18:30да каттам бир тараптуу ачылды.