Ташкент шаарында кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Тышкы иштер министринин орун басары Бобур Усманов менен жолугушту.
Тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан дагы тыгыз бекемдөө маселелерин, эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин колдоо боюнча мындан аркы биргелешкен чараларды талкуулашты.
Ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелерине дагы өзүнчө көңүл бурулду.