Жаңылыктар
"Алыш" белбоо күрөшү боюнча беттеш жыйынтыкталды
Спорт
"Алыш" белбоо күрөшү боюнча беттеш жыйынтыкталды

Өзбекстандын Жизак шаарында өтүп жаткан Азия чемионатынын алкагында “Алыш” белбоо күрөшүнүн эркин түрү боюнча беттештер жыйынтыкталды. 

Дене тарбия жана спорт департаментинин билдиргенине караганда, күрөштүн эркин түрүнөн улуттук курама команда жалпы 11 медаль, 3 алтын, 4 күмүш, 4 коло жеңди. 

Кыз-келиндер арасында 65 кг салмакта Аземи Камчыбекова жана 75 кг салмак категориясында Нагира Сарбашова алтын медалга ээ болушту. Ал эми күмүш медалга 60 кг салмактагы Элза Абдыкадырова менен 70 кг салмак категориясындагы Мырзайым Шайбекова ээ болушту. 55 кг салмактагы Аяна Расулбекова коло медалга ээ болду. 

Ал эми эркектер арасында алтын медалга 90 кг салмактагы Азизхан Мусабек уулу татыктуу болду. 70 кг салмактагы Шернияз Айбек уулу, 80 кг салмак категориясында Ирлан Казбек уулу күмүш медалга ээ болушту.