Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алды

Дээрлик бардык тармактарында «артта калып» жатабыз. Кайсы жерде болбосун, бардык жерде: балык уулоо, сүт азыктары, мал чарбачылыгы, минералдык жер семирткичтерде, үрөндөрдө “кемчилик” бар. Бул тууралуу К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Айыл чарба министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. 

Анын айтуусунда, агрардык өлкө катары бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Өткөн жылы эле айыл чарбасын каржылоого 26 миллиард сом бөлүнсө, быйыл 20 миллиард сом каралган. Бирок азырынча ишиңиздердин реалдуу жыйынтыгын көрө элекпиз. Өткөн жылы жакшы темп алып, бирок быйыл иш солгундай баштады деди Акылбек Жапаров. 

Министрликтин ишин «толугу менен карап чыгуу керек» деп белгилеген Минстрлер кабинетинин башчысы, Орусия тарабынан айыл чарба продукциясын экспорттоого киргизилген чектөөлөрдү алып салуу боюнча министрликтин ишин сынга алды. 

«Эмне үчүн мындай абалга жол бердиңиз, лабораториялар эмне кылып жатышат. Аларды тиешелүү реактивдер менен камсыз кылуу, заманбап технологиялар менен жабдуу зарыл, сиздерде финансылык мүмкүнчүлүктөр бар. Үй-бүлөсүн баккан дыйкандар кыйналып жатканын түшүнөсүңөрбү?», - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.