Жаңылыктар
УКМК: Чет элдик жаран салыкчыга пара берип жатканда кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Чет элдик жаран салыкчыга пара берип жатканда кармалды

Чет элдик жаран кызмат адамына пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине ишкердик субъектисинин ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылган. 

Кармалган жаран кампалардагы товарлардын калдыктарынын суммасын азайтуу максатында салык кызматынын кызматкерине 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылган. 

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. 

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.