Кыргызстандын улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган Бишкек эл аралык каржы форуму болуп өттү.
Ал «Технологиялар, мүмкүнчүлүктөр жана туруктуу өнүгүү» деген теманын алкагында уюшулган.
Иш-чарада дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен төлөм рыногун санарипке өткөрүү, ошондой эле туруктуу жана жашыл каржылоо маселелери талкууланды.