Жаңылыктар
Садыр Жапаров Москвада мигранттардын маселесин көтөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Москвада мигранттардын маселесин көтөрдү

Москва шаарында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн лидерлерининин катышуусунда Жогорку Евразиялык Экономикалык кенешинин жыйыны өттү. 

Анда Мамлекет жетекчиси Садыр Жапаров альянстын ички чек араларында көзөмөл чараларын минималдаштыруу, миграция жаатында жеңилдетилген шарттарды түзүү зарылдыгын билдирди. 

Мындан тышкары, ЕАЭБдин деңизге чыга албаган өлкөлөрүнүн транспорттук коридорлорго жеткиликтүүлүгүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурууну да сунуштады. Жыйындын жыйынтыгында 15 документке кол коюлду.