Жаңылыктар
Президент өлкө аймагындагы алдыңкы студенттерге стипендия тапшырды
Билим
Президент өлкө аймагындагы алдыңкы студенттерге стипендия тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев өлкө аймагындагы жогорку окуу жайларынын алдыңкы студенттерине президенттик стипендияны тапшырды. 

Иш-чара бүгүн мамлекеттик “Ала Арча” резиденциясында өттү. Салтанаттуу аземде сөз сүйлөгөн өлкө башчы студенттерге кеңири келечек, окууларына ийгилик каалап, мамлекеттин келечеги жаш муундун колунда экенин, андыктан жаштар сапаттуу билим алып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн өз күч аракеттерин жумшашы керек деп билдирди.

Мындан сырткары президент билим берүү тармагын жакшыртуу максатында акыркы жылдары мамлекет тарабынан көп көңүл бөлүнө баштаганын, келерки жылы жалпы бюджеттин 24 пайызы билим берүүгө бөлүнүп жатканын белгиледи. 

Эске салсак, жогорку мамлекеттик стипендия үчүн буга чейин өлкө аймагы боюнча сынак жарыяланып, 27 окуу жайдан 159 талапкер түшкөн. Алардын арасынан 61 студент жеңүүчү деп табылып, алар бүгүн өлкө башчынын колунан грамоталарды алышты. Ал эми студенттердин стипендиясынын көлөмү айына 5 миң сомду түзөт.