Андрес Иньеста сезон жыйынтыкталышы менен «Виссел Кобе» клубунан кетет. 1-июнда легендарлуу жарым коргоочу жапониялык команданын катарында акыркы оюнун өткөрөт.
Ал эми 6-июнь күнү «Виссел Кобе» командасы «Барселона» менен кезигет.
«Мен ири мелдештерге катышкым келет. Мен бул жерде эс алууга кетейин деген оюм болгон эмес. Бирок жетекчилик бул боюнча башкача ойдо болгон экен. Сүйлөшүүлөрдүн аркасынан командадан кетүү чечимин чыгардым», – дейт 39 жаштагы футболчу.
«Бир күнү «Барселонага» кайтып баргым келет. Бул тууралуу көп жолу айткам», – деп кошумчалады Иньеста.
Иньеста «Виссел Кобе» үчүн 133 беттеш өткөрүп, 26 голдун автору жана 25 натыйжалуу пастын ээси болгон.