Жаңылыктар
Мосулда ДАИШ мүчөлөрү жай тургундарды тирүү калкан катары пайдаланууда
Дүйнө
 Мосулда ДАИШ мүчөлөрү жай тургундарды тирүү калкан катары пайдаланууда

Россиянын  ИноСМИ   интер-булагынын аскер журналисти Илья Плеханов “Аскер жаңылыктары : Мосулду алууда  жихадчылар коалицияга  каршы кандай ыкмаларды пайдаланып  жатат?” аттуу макаласын жазып чыкты. 17-октябрда Ирактын премьер-министри  Хайдер Аль-Абади Мосулду бошотуу операциясы башталганын жар салды. Ирак армиясы, курд Пешмергасы, шиит ыктыярчылары  жана  америкалык атайын багыттагы бөлүктөрү Коалициянын аба күчтөрүнүн көмөгү  менен кыштактарды бошотуп, Мосулдун конуштарына жакындап жаткан учуру. “Ислам мамлекети” террордук уюмунун согушкерлери бириккен күчтөргө айыгышкан каршылык көрсөтүүдө. ДАИШтин жихадчылары 10 күндүн ичинде кандай ыкмалар менен согушуп жатканы белгилүү болуп калды.

Биринчиден, өрттөлгөн жер. Согушкерлер мунай  жана  кара алтынды иштетүүчү чакан заводдорун өрттөп жаткан учуру. Айрым маалыматтар боюнча исламчылар мунай толтурулган челек менен аңдарды  жана автоунаалардын дөңгөлөктөрүн өрттөөдө. Мындан сырткары имараттар менен айылдарга өрт коюуда. Бирок мындай тактика  Ирак жана  Коалициянын авиациясынын согушкерлерге карата боомбалоосун токтоткон жок .

Экинчиден, жанкечтилердин чабуулдары. “Ислам мамлекети” террордук топтун жетекчилери бириккен күчтөрдүн позицияларына бир нече сооттолгон автоунааларга жардыргыч заттарды жүктөп, жанкечтилерди коштоп кетирүүдө. Жеңил курал-жарак менен мындай жанкечтилердин чабуулун токтотуу мүмкүн эмес. Мосулду бошотуу боюнча операция башталган биринчи аптада эле, ДАИШтин жихадчылары  127 ирет автоунаа менен чабуул койгон. Мындан сырткары террордук топ ачык жерлерде эле Ирактын аскерлерине жана  Коалициянын күчтөрүнө каршы жөө жанкечтилерди дагы пайдаланып жатат. Эгерде булар шаарга кире турган болсо, жихадчылар ушул ыкманы да кеңири пайдаланат дегенге ишенсе болот.

Үчүнчүдөн, алаксыткан соккулар. 21-октябрда  Мосулдан 140 чакырым алыстыкта жайгашкан Киркук калаасынын кээ бир  конуштарын  ДАИШтин согушкерлери  басып алып, жүздөй жай тургунду өлтүрдү. Күрддөр аргасыз Мосулду бошотууга катышып жаткан эки миң жоокерин  Киркука кайра жөнөтүүгө аргасыз болду. Андан кийин жихадчылар  Мосулдан 700 чакырым алыстыкта жайгашкан Рутба  шаарчасын басып алганга жетишип, ал тургай исламчылар  бул калаанын  борборунда согуш уюштурду. Бирок, согушкерлердин мындай кадамы  ирак армиясы менен күрддөргө бөгөт кое албайт.

Төртүнчүдөн, тоннелдеги айыгышкан кармашуулар. Мосулду  эки жыл көзөмөлдөгөн исламчылар жердин астында шаар куруп, согушкерлер анда командалык пункттар, ооруканалар менен кампаларды жайгаштырган. Андан сырткары, бул тоннелдер айылдардын алды менен дагы өткөрүлүп, жер астынан кеткен бул жашыруун жерлерди казуу иштерине жергиликтүү тургундардын дагы күчү жумшалган. Согушкерлер, казууга жардам бергендерге күнүнө 2 доллардан төлөп турган.

Ошол эле убакта жихадчылар Мосулдун баардык жерлеринде  мина коюп, дрондорго жардыргыч заттарды жайгаштырып, каалаган жерине жардырууну уюштуруп жатат. Айта кетчү нерсе, согушкерлер чабуул койгон жоокерлерге каршы химиялык  курал пайдаланышы ыктымал деген коркунуч жок эмес. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, өкүнүчтүүсү Мосулда ДАИШ мүчөлөрү жай тургундарды тирүү калкан катары пайдаланып   жаткан убагы. Жихадчылар болсо, Ирак армиясы менен Коалиция  жергиликтүү тургундарга карата абадан сокку урбайт жана замбиректерден аткылабайт –деп ишенет. Бул арада калаага чабуул жасаганда айыпсыз жашоочулар жон жерден массалык түрдө кырылып калышы мүмкүн деген кооптонуу бар.  

Күрддөрдүн билдирүүсүндө, эгер Мосулду ирак армиясы менен шиит бөлүктөрү ээлесе, анда жергиликтүү жашоочуларга зордук-зомбулук көрсөтпөйбү деген кооптонуу да жок эмес. Себеби социалдык түйүндөрдө расмий Багдаддын аскерлери өспүрүмдөрдү ДАИШтин жардамчылары деп, айыптап  сабап жатканын чагылдырган видеороликтер пайда болууда. 

Ошондуктан, ушундай  тасмалардан кийин, түрдүү кооптонууга негиз бар десе болот. Дал ушул себептен күрддөр “Ислам мамлекети” тобун Киркукта  арабдардын 30 пайызы колдойт- деген пикирде. Анын үстүнө ДАИШтин пропагандасы Ирактын армиясы менен шиит бөлүктөрүнүн сунниттерге каршы мыкаачылыктарын чагылдырып, өз максатына ийгиликтүү пайдаланып жаткан убагы.  Расмий эмес маалыматтар боюнча Масулда согушкерлердин саны 4 миңден 11 миңге чейин жетет деген маалыматтар бар. Анын үч миң чет элдик баш кесерлери жан аябай согушат – дейт айрым серепчилер. 

Ал эми калаада  600 миңден бир миллионго чейин жай тургун калды. Андан тышкары шииттердин  «өлүм эскадрондору» деп аталган бөлүктөрдүн зордук –зомбулуктары Масулдун суннит  калкынын эсинде калды. Ушул  жүйөөлүү  себептен улам, алар расмий Багдад менен күрддөргө ишенбейт. Шиит бөлүктөрү Мосулга кирбейт деген келишим түзүлгөн. Буга карабай шиит бөлүктөрүнүн лидерлери калаага киргенге эч ким тоскоолдук кылалбайт –деп жар салууда.

 Талдоо маалыматын  даярдаган Алмаз Батилов. 

Тааныштырган Замира Нусубалиева.