Жаңылыктар
ЖЕЭК: жыйындагы маанилүү чечимдер
Кыргызстан жаңылыктары
ЖЕЭК: жыйындагы маанилүү чечимдер

Өлкөдөгү 5 көзөмөл-өткөрүү бекети ЕАЭБдин талаптарына ылайык модернизацияланат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Москва шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынтыктары тууралуу айтып жатып билдирди. 

Каражат аталган экономикалык альянс тарабынан техникалык жардам иретинде буга чейин эле бөлүнгөн. Ошондой эле биримдиктеги өнөр жай тармагы да финансылык көмөк ала алат.