Жыл сайын миллиондогон туристтерди кучагына батырган Ысык-Көлдүн тазалыгын сактоо азыркы күндүн эң орчундуу маселеси.
Учурда Бостери айылында туристтик мезгилге карата даярдык иштери кызыды. Күндүн ысышы менен эс алуучулардын ордосуна айланган аймакта тазалыкка кандай көңүл бурулууда?