Жаңылыктар
"Таза Ысык-Көл" ири экологиялык акция өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
"Таза Ысык-Көл" ири экологиялык акция өтөт

Бүгүн, Ысык-Көл облусунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан демилгеленген "Таза Ысык-Көл" аттуу масштабдуу экологиялык акция өтөт. 

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага мамлекеттик органдардын кызматкерлери, экоактивисттер, эл аралык уюмдардын өкулдөрү жана бизнес-коомчулук катышат. Акция жыл сайын 5-июнда өтө турган бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнүн 50 жылдыгына арналат. Бул жылы аталган эл аралык күн желимден булгануу көйгөйүн чечүүгө арналган. Акция ошондой эле КР президентинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында жайкы туристтик сезон башталаар алдында өткөрүлүп жатат. 

Иш-чара Ысык-Көлдүн желим калдыктар менен булганышына жана көлдүн биосфералык аймагынын экосистемасын сактоо зарылдыгына коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган