Жаңылыктар
"Мурас" салттуу достук мелдеши өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
"Мурас" салттуу достук мелдеши өтүүдө

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдеши өтүп жатат. 

Мелдештин ачылышында мамлекет башчысы катышуучулар менен саламдашып, катышуучулардын бардыгына ийгилик каалады. 

"Бул ирет биздин турнирге жаңы командалар кошулду. Ошондой эле турнир 40 жашка чейинкилер арасында да өтүп жатат. Жыл өткөн сайын биздин арабыз көбөйүүдө, бул кубандырбай койбойт. Дени сак адамдын, акылы сергек. Турнирде күчтүү команда жеңсин", - деди ал. 

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров министрлер, мамлекеттик органдардын жана администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирген “Президенттин администрациясы” командасынын курамында ойноп жатат. Турнирге жалпысынан 16 команда катышууда. Оюндар мурункудай эле эки локацияда: А жана В тайпалары “Газпром - балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде, C жана D тайпалары Кожомкул атындагы Спорт сарайында өтүп жатат. 

Оюндар УТРКнын жана Эл-ТРдин түз эфиринен көрсөтүлүүдө. Көрсөтүүнүн башталышы: саат 10.00. Турнирди көрүүнү каалагандардын баарына эшик ачык экенин уюштуруучулар билдиришти.