Жаңылыктар
Биринчи голду Садыр Жапаров киргизди
Кыргызстан жаңылыктары
 Биринчи голду Садыр Жапаров киргизди

 “Мурас” футболдук турниринде биринчи голду Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров киргизди.

Садыр Жапаров министрлер, мамлекеттик органдардын жана администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирген “Президенттин администрациясы” командасынын курамында ойнойт. Мелдештин алгачкы беттешинде "Президенттин администрациясы” командасы “Алга” командасын 5:1 эсебинде утуп алды. Эскерте кетсек, “Мурас турнири” 27-28-майда Бишкек шаарында өтүүдө.