Жаңылыктар
Бүгүн “жымжырттык күнү”
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн “жымжырттык күнү”

Бүгүн, 27-май Кыргызстанда Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун алдындагы “жымжырттык күнү”. Бүгүн эртең мененки саат 08.00дө талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери аяктады. Жымжырттык күнүндөгү талап үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. 

Белгилей кетсек, Бишкектеги № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 30 талапкер ат салышууда. Шайлоо эртең, 28-майда өтөт.