Жаңылыктар
Ош облусунун 5 тургуну диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун 5 тургуну диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты

Ош облусунун 5 тургуну диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты. 

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун жана “Катиба Таухид Валь-Джихад” экстремисттик-террористтик уюмунун тарапташтарына түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн. Тагыраак айтканда, Ош облусунун жашоочулары “Хизбут-Тахрир” жана “Катиба Таухид Валь-Джихад” экстреимисттик уюмдарынын тарапташтары кармалып, аларга карата профилактикалык иш-чаралар көрүлдү. Жогоруда аталган адамдарга сот органдары тарабынан өлкө аймагында аталган уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынганы жана анын идеяларын таратуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы жөнүндө түшүндүрүлдү. Жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чарасынын жыйынтыгында алар экстремисттик уюмдардын мүчөлүгүнөн баш тартып, мындан ары мыйзамдарды сактоого жана тыюу салынган диний уюмдардын катарына кирбөөгө милдеттеништи. УКМК бул багыттагы иштерди улантууда.