Жаңылыктар
Контрабандага каршы күрөштүн алкагында 2 унаа конфискацияланды
Кыргызстан жаңылыктары
Контрабандага каршы күрөштүн алкагында 2 унаа конфискацияланды

УКМК контрабандага каршы күрөштүн алкагында 2 унааны конфискациялады. 

Ведомствонун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Кызыл-Кыя шаардык сотунун чечими менен былтыр ноябрь айында 1 млн 248 миң сомдук дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк ташып бараткан Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин эсебине алынган. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 19-майында Кадамжай райондук сотунун чечими менен март айында 599 миң сомдук күйүүчү-майлоочу май түрүндөгү контрабандалык жүк ташыган КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа мамлекеттин эсебине конфискацияланган. 

Мындан тышкары, буга чейин да контрабанда ишине пайдалангандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган Mercedes-Benz Actros жана Hyndai Porter үлгүсүндөгү 2 унаа боюнча материалдар Баткен облусунун сот органдарында каралып жатат. УКМК контрабанда ишмердүүлүгү КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылып, ага катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.