Жаңылыктар
Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо өтүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо өтүп жатат

Бүгүн, 28-май Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо өтүп жатат. Бүгүн эртең мененки саат 08.00дө райондогу шайлоо тилкелери ачылды. Борбордук шайлоо комитетинен билдиришкендей, жалпысынан 124 миң 810 шайлоо бюллетени даярдалган. 

Тагыраагы, кыргыз тилинде 62 миң 405 бюллетень жана орус тилинде 62 миң 405 бюллетень, 51 бюллетень Брайль арибинде басылып чыккан. “Учкун” ишканасы шайлоо бюллетендерин даярдоо процессине туруктуу мониторинг БШКнын мүчөлөрү жана БШК аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп турду. Басмаканада жабдуулардын комплектиси орнотулуп, анда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн басылган бюллетендер сыноодон өткөрүлдү. 

Коопсуздукту УКМК менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери камсыздашты”, - деп айтылат буга чейин БШК тараткан маалыматта. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 30 талапкер ат салышууда.