Жаңылыктар
Жогорку Кеңештиин депутаттыгына шайлоо. Саат 10:00 карата 1,61 пайызы добуш берди
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңештиин депутаттыгына шайлоо. Саат 10:00 карата 1,61 пайызы добуш берди

Бүгүн саат 10го чейин Бишкек шаарында №26 Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештиин депутаттыгына шайлоого шайлоочулдардын 1,61 пайызы добуш берди. Бул 2007 киши. 

Жалпы болуп райондо 124 миңден ашык шайлоочу бар, анын ичинен 43,77 пайызы эркектер, 56,23 пайызы аялдар. Кечээ тилкеден сырткары добуш берүү өнөктүгү өтүп, анда 83 жаран өз милдетин аткарып өз каалаган талапкерди тандаган. Эртең мененки саат сегизде райондогу 51 шайлоо тилкеси эшигин ачкан. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, шайлоого даярдык мыйзам чегинде өтүп, катталган 29 талапкерге бирдей мүмкүнчүлүктөр берилди. Алар буга чейин интернет булактарынан жана телевидение аркылуу өз программалары менен тааныштырды.