Айыл чарба экономиканы алдыга сүйрөй турган тармактын бири. Кыргызстанда айрым өлкөлөрдөй курч суу тартыштыгы жок. Бизде төрт мезгил тең бирдей болуп, климаттык өзгөрүү дагы анча сезилерлик эмес. Кыргызстан агрардык өлкө экенин дыйкандар кетмени, кара күчү, маңдай тери менен тастыктап келет. Адистердин айтымында тармакта болгон реформалар оң натыйжа бербей жатат.