Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Кытайга болгон биринчи мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында 1 миллиард доллардан ашык суммадагы келишимдер түзүлдү. Экономикалык маселелерди чечүүгө жана өнүктүрүүгө, маданий-гуманитардык кызматташууга жана аймактын саясий туруктуулугун сактоого багытталган 20дай өкмөттөр аралык келишимдерге кол коюлду.