Жаңылыктар
Шайлоо: алдын ала жыйынтык
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоо: алдын ала жыйынтык

Алдын ала маалыматтар боюнча, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Дамира Ниязалиева жеңди. Ал 6 миң 242 добуш менен алдыда. 

Андан кийин Улан Сариев, ал 2 миң 70 добуш. Үчүнчүдө Эртай Искаков 1 миң 317 добуш менен турат. 

Эскерте кетсек, аталган округда шайлоочулардын жалпы саны 124 миң 908 адамды түзсө, анын ичинен шайлоого 17 миң 423 адам катышкан. 29 талапкер депутаттыкка ат салышты. 

Автоматташтырылган башкаруу системасынын маалыматтары алдын ала болуп эсептелет. Бардык шайлоо участкаларында добуштарды кол менен эсептөө уланууда. Мөөнөтүнөн мурда шайлоонун расмий жыйынтыгы добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде чыгарылат.