Жаңылыктар
Режеп Тайып Эрдоган добуштардын 52% алды
Дүйнө
Режеп Тайып Эрдоган добуштардын 52% алды

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы добуштардын 98% саналып бүттү. 

Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, алдын ала жыйынтыкта Режеп Тайып Эрдоган алдыда баратат. Ал шайлоочулардын 52,08% колдоосуна ээ болду. 

Анын атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 47,92% топтоду. Добуш берүүгө шайлоочулардын 85% ашыгы катышты.