Жаңылыктар
Акжол жана Жоламан рейтингдик мелдешке катышабы?
Спорт
Акжол жана Жоламан рейтингдик мелдешке катышабы?

Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков спорттук күрөш боюнча Бишкекте өтө турган эл аралык мелдешке катышпайт.

UWW уюму уюштурган бул мелдеш 1-4-июнь аралыгында Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтөт.

Дүйнөнүн учурдагы чемпиону Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков улуттук кураманын тизмесине кирген жок.

Буга чейин, бул турнирге Айсулуу Тыныбекова катышпай турганы белгилүү болгон.