Жаңылыктар
Мектептерде акча чогулткандар жазалана баштайбы?
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептерде акча чогулткандар жазалана баштайбы?

Мектептерде мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жана алардын алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган жарлык боюнча өлкөдө түшүндүрүү иштери башталды. Документке өткөн жума күнү Президент Садыр Жапаров кол койгон. Талапка ылайык, жарлык менен ар бир педагог таанышып чыгуусу шарт. Талапты бузуп, акча чогултууга аракет кылгандар жазаланат.