Жаңылыктар
МинКаб Башчысы Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директорун кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
МинКаб Башчысы Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директорун кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Канокпан Лао-Арайаны кабыл алды.Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин, анын ичинде Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен Кыргыз Республикасынын 2023-2027-жылдарга өнөктөштүк стратегиясынын долбоорун талкуулашты.

Бул контекстте МинКаб Башчысы эффективдүү кызматташууга жетишүү үчүн “АӨБ долбоорлору өлкөнүн өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттары менен байланыштырылышы керек” деп белгиледи.

Тараптар ошондой эле социалдык чөйрөдөгү, анын ичинде билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлордун учурдагы абалын талкуулашты.

Белгилүү болгондой, билим берүү тармагындагы долбоорлор предметтик билим берүү стандарттарын жаңыртуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, 53 инновациялык мектепти оңдоо жана жабдуу аркылуу мектеп билиминин сапатын жогорулатууга багытталган.