Жаңылыктар
КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчылары кеңешкен жыйын аяктады
Саясат
КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчылары кеңешкен жыйын аяктады

Дээрлик бардык документтерге өкмөт башчылар тарабынан талкуусуз кол коюлду. Анткени ага чейинки тар чөйрөдө жолугушууда тиешелүү кагаздар кылдат каралган. Алардын маанилүүсү жакында КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Бишкекте жолугушкан учурда даярдалган келишимдер болду. 

Ошондой эле соода-экономикалык, өнөр-жай, гуманитардык тармак багытында кызматташтык жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоого байланышкан маселелер талкууланды. Жыйынтыгында шериктеш өлкөлөрдүн өкмөт башчылары 20дан ашык документке кол коюшту.