Жаңылыктар
Бишкекте боло турган рейтингдик турнирдин жеңүүчүлөрү канча киреше табат?
Спорт
Бишкекте боло турган рейтингдик турнирдин жеңүүчүлөрү канча киреше табат?

Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча UWW уюмунун рейтингдик мелдеши болот.

Kaba Uulu Kozhomkul & Raatbek Sanatbaev мелдеши 1-4-июнь аралыгында Бишкек аренасында болот. Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 30 комплект медаль ойнотулат.

Медаль жана рейтингдик упайлардан тышкары, жеңүүчүлөр жана байге ээлерине акчалай сыйлык ыйгарылат.

Ар бир салмак категориясынын жеңүүчүлөрүнө 1500 швейцариялык франк (145 миң сом) беришет.

Бишкектеги рейтингдик турнирдин акчалай сыйлыктарынын суммасы

1-орун - 1500 швейцариялык франк (145 миң сом)

2 место - 750 швейцариялык франк (72 миң сом)

3 место - 500 швейцариялык франк (48 миң сом)