Жаңылыктар
Улуттук банк эскертет
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банк эскертет

Улуттук банк жарандарды шектүү жактарга инвестиция салууда этият болууга чакырат.

Акыркы учурда мессенжерлерде финансылык уюмдардын атын колдонуп аз убакытта көп киреше табуу үчүн активдерди сатып алуу же акча салуу сунуштары арбын таркатылып жатат. Алдамчылар калктын көңүлүн буруу үчүн белгилүү бир активге акча салып, андан эселеген көлөмдө кирешени товарга же кызмат көрсөтүүгө алмаштырууга болот деген жалган маалыматтарды таратууда. Элди көбүрөөк ишендирүү үчүн шылуундар Улуттук банктын атрибуттарын жана медиа чөйрөсүндө кеңири таанымал инсандардын сүрөттөрүн пайдаланган учурлар да кездешүүдө.

Мындан улам Улуттук банк маалыматты расмий сайттардан гана алууну, шектүү шилтемелерге кирбөөгө, эгерде картаңызды жоготуп алсаңыз дароо банкка чалып, капчыгыңызды блоктоп коюну, дайыма өз операцияларыңызды банктын көчүрмөсүнө салыштырып текшерүүнү эскертет.