Жаңылыктар
БШК материалдарды Укук коргоо органдарына өткөрүп берди
Кыргызстан жаңылыктары
БШК материалдарды Укук коргоо органдарына өткөрүп берди

БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча түшкөн маалыматтары кароону улантууда. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 29-майда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аудио жазууда депутаттыкка талапкер Ниязалиеванын үнүнө окшогон аял кайсы бир адам менен сүйлөшүп, үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоочуларга 1500 сомдон төлөп берүү, аларды добуш берүүгө тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө схемаларын талкуулап жатат. 

Материалдар текшерүү жана юридикалык баа берүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүп берилип, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда мыйзам бузуулар боюнча укук коргоо органдарынын иликтөөсүнүн жыйынтыгына карап чыгарат.