Жаңылыктар
Садыр Жапаров Түптүн акимине жана айыл өкмөт башчысына сөгүш берди
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Түптүн акимине жана айыл өкмөт башчысына сөгүш берди

Президент Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси - аким Адиев Каныбек Маматбековичке сөгүш берди.

Ошондой эле Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырды.

Буга кышында жолго себилген кумдарды жана жол жээгиндеги таштандыларды алып чыкпаганы себеп болду. Мындай көрүнүшкө айрыкча турсезондун алдында жол берилбеш керек.

Бул жергиликтүү бийликтин бардык жетекчилери үчүн эскертүү. Президент Жапаров турсезонго даярдыкты шаарларда, район борборлорундагы, өзгөчө борбордук көчөлөрдөгү тазалыктын сакталышын күтүүсүз текшерүүгө алат.