Жаңылыктар
2-3-июнь күндөрү Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолдоруна мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат
Кыргызстан жаңылыктары
2-3-июнь күндөрү Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолдоруна мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат

2-3-июнь күндөрү  Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа кеңешинин төрагасынын жолугушу  учурунда, чет өлкөлөрдөн келген делегаттарды тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурунда,  Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолдоруна  маал-маалы менен  чектөөлөр киргизилип турат.

Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан,  жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине  унаа каражаттарын калтырбооңуздарды, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз.