Жаңылыктар
Үйгө муктаж болгон кызматкерлерге батирлер берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Үйгө муктаж болгон кызматкерлерге батирлер берилди

Чүй облусундагы Лебединовка айыл өкмөтү маянасы аз чарбаларда иштегендердин социалдык көйгөйүн чечүүнү колго алды.

Айыл өкмөт архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба тармагында иштеген жумушчуларга кызматтык батирлерди камсыз кылып берди. Көчө шыпыргандарга, айдоочуларга жана куруучуларга болуп, жалпысынан 12 батир камдалды.

Өз айылынын тазалыгын камсыздап иштеген Мирлан Дегенбаев эми үй-бүлөсү менен батирден батирге көчүп жүрбөйт. Жергиликтүү айыл өкмөт тарабынан кызматтык батирлердин берилиши үй-бүлөнүн жашоосуна күтүлбөгөн жагымдуу жаңылык киргизди.

Батирлер үйгө муктаж кызматкерлерге берилди. Үйдүн аянты 1 гектар 60 сотых аянтты ээлеп, 2015-жылы ижарада турган жеринен муниципалдык менчикке өткөн. Турак-жай 12 батирден туруп, ар биринин аянты 55 чарчы метрди түзөт.