Жаңылыктар
Лизинг: Жүк ташуучу унаалар алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Лизинг: Жүк ташуучу унаалар алынды

Бүгүн, Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду Кыргызстанда Улуттук суусундуктарды чыгарган белгилүү компанияга ИСУЗУ үлгүсүндөгү 10 жүк ташуучу унаанын ачкычтарын тапшырды .

Жапон үлгүсүндөгү машиналар Өзбекстандын Самарканд автомобиль заводунан чыгарылган. 2 жумадан кийин дагы он жүк ташуучу унаа келет. Бул транспорт каражаттары менен шаарда товар ташуу ыңгайлуу. 20 унаа лизингтик негизде жалпы 800 миң доллларга бааланган. Өндүрүүчү ишкана анын 200 миңин төлөп берген.

Ал эми калган 600 миң долларын фонд каржылаган. Эскерте кетсек, Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду өткөн жылдын апрелинен баштап расмий иштей баштады. Уюм, буга чейин Чүй облусундагы Новопавловка айыл өкмөтүндөгү коммуналдык ишканага Лизингдик негизде 10 техника алып берген. Андан сырткары Ош шаарына 50 автобус алынган.