Жаңылыктар
Добуш сатып алуу фактысы боюнча иш козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Добуш сатып алуу фактысы боюнча иш козголду

Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алуу фактысына байланыштуу кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, тергөөнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгы жүргүзүүдө. "Эгер тергөөнүн жүрүшүндө талапкер Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алууга айыптоо үчүн тийиштүү далилдер аныкталса, укук коргоо органдары талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн БШКга кайрылуусу керек, анткени мыйзамга ылайык, парламенттин депутаттыгына талапкер иммунитетке ээ болот", - деп кошумчалады.