Жаңылыктар
Радикалдык көз караштан баш тарткан жаран
Кыргызстан жаңылыктары
Радикалдык көз караштан баш тарткан жаран

Экстремисттик жашыруун топтордун активдүү кызматкерлери менен байланышта болгон Бишкек шаарынын тургуну радикалдык көз караштан баш тартты.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМКнын жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаранын натыйжасында 1985-жылы туулган жаран радикалдык көз карашынан баш тартты. Ал 2022-жылдан бери "Хизбут-Тахрир" ДЭУнун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик жашыруун топтордун активдүү кызматкерлери менен байланышта болгон.