Жаңылыктар
Биринчи айым балдарга салаттын жасалышын көрсөтүп берди
Кыргызстан жаңылыктары
Биринчи айым балдарга салаттын жасалышын көрсөтүп берди

Балдарды коргоо күнүнө карата “Алтын казык” интерактивдүү фестивалы өттү. Анда беш жашка чейинки наристелерге кам көрүү, сүйлөп окууну үйрөтүү боюнча апаларга атайын кыска курстар уюштурулду. 

Ошондой эле туура тамактануу, ден соолукка көңүл буруу тууралуу да көп маалыматтар айтылды. Фестиваль коомдук фонддун демилгеси менен уюштурулду. Ага биринчи канайым да барып балдарга витаминдүү салаттын жасалышын көрсөтүп берди.