Жаңылыктар
«Эл үмүтү» Эл аралык стипендиясы
Кыргызстан жаңылыктары
«Эл үмүтү» Эл аралык стипендиясы

Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына катталуу үчүн атайын сайт иштеп баштады.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлинен билдиришти.

Талапкерлердин документтерин онлайн кабыл алуу 1-июндан 30-июнга чейин жүргүзүлөт. “Эл үмүтү” стипендиясы жекече болуп саналат жана жыл сайын Республикалык комиссия тарабынан конкурстук тандоодон өткөн таланттуу жаштарга ыйгарылат.

Стипендияга жыл сайын президенттин фондунун каражатынан бөлүнүп турат. Бул Кыргызстандын таланттуу жаштарына көмөк көрсөтүү максатын көздөйт. Стипендия таланттуу жаштарга QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.