Жаңылыктар
Чүй районундагы каржылык мыйзам бузуулар аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй районундагы каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Чүй районунун жергиликтүү бюджетинде 3 млн 791,3 миң сом каржылык мыйзам бузуу аныкталды.

Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 3 млн 791,3 миң сом финансылык бузуулар аныкталган. Анын ичинде уурдоо, эмгек акыны негизсиз төлөө, каражаттарды максатсыз эсептен чыгаруу, мамлекеттик насыяларды жана бюджеттик ссудаларды сарамжалсыз пайдалануу фактылары бар.

Аныкталган финансылык бузуулар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жазма буйруктар жөнөтүлүп, ал эми Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын шайкештик аудитинин материалдары укуктук баа берүү үчүн Чүй облустук прокуратурасына жиберилген.