Жаңылыктар
Экстремисттик кыймылдын мүчөлөрү кармалды
Дин
Экстремисттик кыймылдын мүчөлөрү кармалды

Жалал-Абад шаарында “Йакын инкар” диний-экстремисттик кыймылынын жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Экстремисттик кыймылдын төрт активдүү мүчөсү Жалал-Абад облусунда кармалды. Аталган ячейканын мүчөлөрү Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны үгүттөө жана жайылтуу боюнча иш алып барышып, миссионердик иштерди жүргүзүп келишкени аныкталды.

Ошондой эле диний көз караштардан улам, алар светтик жашоо образын таптакыр четке кагып, балдарына орто билим берүү мекемелерине барууга, эмдөөдөн жана башка медициналык процедуралардан өтүүгө тыюу салышкан. Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында аталган адамдардын даректеринен “Йакын-Инкардын” экстремисттик маанайдагы китептер табылып, алынган материалдар боюнча соттук-диний экспертиза дайындалды.

Кармалгандардын бардыгы УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.