Жаңылыктар
«Унаа» мекемеси эскертет
Кыргызстан жаңылыктары
«Унаа» мекемеси эскертет

"Унаа" мамлекеттик ишканасы айдоочуларды унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуунун мөөнөтүн узартып алууну эскертет.

Маалыматка ылайык, алдыңкы эшиктердин терезелерин караңгылатууга уруксат кагазы бир жылдык мөөнөткө берилет.

Мындай мыйзам 2022-жылдын 1-июнунан тарта иштеп келе жатат. Мамлекеттик ишкананын маалыматы боюнча, машиналардын терезелерин караңгылатуудан 2022-жылдын июнунан ушу күнгө чейин бюджетке 236 миллион сом түшкөн.

Белгилей кетсек, алдыңкы каптал айнектерди караңгылатууга бир жылдык мөөнөткө уруксат алуу үчүн жеке жактар 80 миң, юридикалык жактар 100 миң жана чет элдиктер 120 миң сом төлөшү шарт.