Мамлекеттик долбоорлордон каражат өөнөп калабыз дегендер 10 эселеп төлөшөт.
Тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр даярдалууда. Президент Садыр Жапаров кечээ Чолпон-Атада жаңы сейил бактын ачылышында сүйлөп жатып, мамлекеттик кызматта иштеген ар бир жетекчиге эскертүү берди. Анын алдында эле борборун таза кармабаган жетекчиге сөгүш берген болчу.