Жаңылыктар
“Ыйман” фонду жаштарга диний баалуулуктарды түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
Дин
“Ыйман” фонду жаштарга диний баалуулуктарды түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Экстремизм менен радикализмге каршы күрөштү диний маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекет башчынын алдында түзүлгөн “Ыйман” фонду колго алды. Фонддун өкүлдөрү өлкө аймагын кыдырып, жаштарга руханий маданият менен диний баалуулуктардын маани-маңызын түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле журналисттер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана имамдар үчүн дагы семинарларды өткөрүүдө.

“Ар бир адам жашоонун максатын издегенде динге кайрылат. Ошол учурда интернет аркылуу экстремисттердин туткунуна түшүп калып жатышат. Биз мунун алдын алуу максатында ар аймактардагы жаштар арасында түшүндүрүү иштерин алып барып, китеп оку деген сыяктуу сунуштарды берип, руханий дарылап жатабыз”- дейт  КРдин Президентинин алдындагы диний маданиятты өнүктүрүүчү “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков.