Венгриянын Будапешт шаарында Европа лигасынын финалы жыйынтыкталды.
Чечүүчү оюнда “Севилья” командасы “Рома” клубу менен кезикти.
Негизги убакыт 1:1 эсебинде жыйынтыкталып, жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталды.
Пенальтилер сериясында андалусиялык команда ийгиликтүү болуп, Европа лигасын рекорддук 7-ирет утуп алса, Жозе Моуриньо алгачкы жолу Еврокубоктун финалында жеңилүү ызасын тартты.