Бүгүн, Бишкекте спорттук күрөш боюнча (UWW) рейтингдик мелдеш башталат.
Турнир Бишкек аренасында өтөт.
Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнүн өкүлдөрү күрөшөт. Жалпы 7 комплект медаль ойнотулат. Кыргызстандын атынан 15 спортчу килем үстүнө чыгат.
Беттештерди КТРК Спорт телеканалынан түз эфирде көрө аласыздар!